Сокулук РИИБинин кызматкерлери бир тууган агасын өлтүргөнгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине 58 жаштагы М.А. аттуу жаран бычактан жаракат алып түшкөндүгү боюнча билдирүү келип түшкөн.
"Ооруканага келип түшкөн жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми бул ишке шектүү катары 52 жаштагы М.Д. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ал Чүй облусунун тургуну жана маркумдун бир тууган иниси болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, эки бир тууган спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо чыр чыккан. Мындан улам агасын иниси бычак менен сайып салган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.