Сеулдагы клиникалардын биринде гонконгдук миллиардердин небереси пластикалык операция учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Bossini" дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү Лау Тинпондун 34 жаштагы Бонни Эвита Лау аттуу небереси туулган күнүнө пластикалык операцияны белекке алган. Ал январь айында белекти колдонуу үчүн Сеулга келип, "Ollim Plastic Surgery" деген пластикалык клиникага кайрылган. Бонни Эвита липосакциялык операция (ашыкча майлардан арылуу) жасатып, кошумча косметологиялык процедуралардан өтмөк. Операция учурунда Лау катуу ооруну сезип, калтырап баштаган. Дарыгерлер кошумча наркоз сайып, операциясын уланта беришкен. Ошол маалда аялдын оозу көгөрүп, комага түшүп калган. Бир сааттан кийин Лау көз жумган.
Бир айдан соң маркумдун күйөөсү Сеул клиникасын сотко берген. Ал операцияга катышкан 2 хирург менен медайымды күнөөлөп, ага келтирилген зыянды төлөп берүүсүн талап кылган.
Маалыматка ылайык, жубайы каза болгондон кийин күйөөсү менен уулу жыл сайын берилип турган жөлөк пулга жана кайнатасы калтырган мураска ээ боло алышпайт. Айымдын туугандары да анын доо арызын колдошкон. Сеул полициясы окуя боюнча кылмыш ишин козгогон.
Буга чейин Алматыда 4 баланын энеси липосакция операциясын жасатам деп көз жумганы тууралуу жазылган.
Липосакция - бул экинчи ээктен арылуу, кежигедеги жана жалпы жонунан дененин башка бөлүгүндөгү май дөмпөкчөсүн алдыруудан турат.