Биз социалдык тармакта

Бала бакчадагы майрам учурунда кичинекей кыздын колунан оюнчукту жулуп алган аял талкууга түштү (видео)

Бала бакчадагы майрам учурунда кичинекей кыздын колунан оюнчукту жулуп алган аял талкууга түштү. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап кетти.

Бул окуя бала бакчадагы майрамдык иш-чара учурунда тартылганы көрүнүп турат. Анда музыканын коштоосунда бийлеп жаткан кичинекей балдарды көрүүгө болот. Тарбиячы ар бир балага бирден оюнчук таратып берген. Бир маалда ата-энелер турган жактан бир аял чыгып, кичинекей кыздын колунан ал кармап турган оюнчугун жулуп алып, аны кайрадан башка кыздын колуна карматкан.

Бул көрүнүш социалдык тармактын колдонуучуларынын кыжырын келтирген. Алар "Эжекесине айтса да башка оюнчукту бермек го кызына", "Анан эле мугалим күнөөлүү....", "Баракелде! Эртең кызы өзүнөн ошентип жулуп алат. Себеби тарбия ошондой!", "Тилекке каршы, тарбиясыз ата-энелер көбөйдү" деген сыяктуу түрдүү сын-пикирлерди жазып калтырышкан.

Окуя качан жана кайсы бала бакчада орун алганы белгисиз.

Кичинекей кыздын колунан оюнчукту жулуп алган аял кишинин видеосу талкуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Stervashka
2020-03-06 03:21:22
Жулкунган айбан,тим эле кыйын болгон.
+9
eljana
2020-03-06 03:50:56
Кичине сабырдуу болуш керек, воспитатели оюнчук алганы кеттиго, алып келип бермек. Тим эле баладан жулкуп албай.
+11
eljana
2020-03-06 03:52:17
Балдардын эсинде калат, болгондода ушинтип жулкуп алган учуру
+9
bekbol2006
2020-03-06 04:06:43
Колунан чон иш келгенсиген акмак
+7
Makhabattt
2020-03-06 10:34:50
Ырас эле киргизиптирсинер ушул видеону.Озун коруп, кичине уялып калсын
+5
Dani
2020-03-06 11:55:32
Makhabattt,уялбаса керек мындайлар
+5
Tiken
2020-03-06 10:52:54
Эки вариант: биринчиси тиги «жулундаган» аялдын да кызынын колунда оюнчугу жок экен... экинчиси баладан жулуп албай тарбиячыга айтса болмок... Экоону тен таразалап коргуло... Бул жерден балдардын баарына оюнчук бербеген тарбиячылар куноолуу. Менин кызым оюнчугу жок ар кимдин колун карап турса же болбосо баламдын колунан бироо оюнчугун жулкуп кетсе жаман эле да...
-11
Arlenchik
2020-03-06 11:53:42
Кээ бир адамдар ушунчалык адамдык сапаты томон,тушунук денгээли тайкы экенин корсотуп коет,копчулук алдында чон эле аялдын мындай кылыгы ото жат корунуш,балдар ойнойт,копчулук болгон сон алмашып кетиши мумкун,андан эмне болуп кетет эле, кыскасы маданиясыз экенин корсотуптур.
+7
XATSAN125
2020-03-06 12:39:18
Ушул кантип эне болсун
+6
XATSAN125
2020-03-06 12:39:45
Эне деген нерсенин Э деген тамгасы жалкаго бул катынга
+5
Mamiev
2020-03-06 13:18:28
Ой акмак аял. Ал оюнчук өзүңдүн баландыкы болгондо да жулуп алганга кантип батындын. Баланын көңүлүн кантип тушурдун өзүндө да бала болсо керек. Акырын дагы албай жулуп алганын акмак
+2
katerina.li
2020-03-06 13:26:29
Маданият жок. Уч этаж ылдый тушуп кеткен бизде маданияттуулук
+3
AykaMer
2020-03-06 18:58:57
Менин кызымдын оюнчугун тартып алганда жаактан ары тартып жиберет элем доңкойгон аялды...бирөөнүн оюнчугун тартып алганга акысы жок болчу.
0
suban78
2020-03-06 19:36:27
Наристенин конулун калтырган чон куноо. Периште катары эле нерсе да.
0
Taalaibek.
2020-03-06 19:44:29
Эмне учун, созсуз ошол кыздын ойунчугун алат?
0
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-06 20:00:16
Жаңы хайп!!! Прикол болот эми.
А чынында маданиятсыз аял экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан