Канттын "Абдыш-Ата" клубу Ала-Тоо Кубогун жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нурсултан Кыдыгалиев билдирди.
"Бул Ала-Тоо Кубогуна жалпысынан 8 команда катышты. Финалдык беттеште биздин команда "Кыргыз жаштар курама" командасын (U17) 8:0 эсебинде жеңип алды. Биздин оюнчубуз Ороз Тимур уулу бул турнирде жалпы 7 гол киргизип, мыкты бомбардир болду. Турнир Канттагы "Спорт-Сити" спорттук базасында өттү", - деди ал.
Оюндардын жыйынтыгы:
Финал: "Абдыш-Ата" (Кант) - "Кыргыз жаштар курамасы" (U17) 8:0;
Үчүнчү орун үчүн: "Рузаевка" (Казакстан) - "Алга" (Бишкек) 0:1;
5-6-орун үчүн: "Наше" (Кант) - "Илбирс" (Бишкек);
7-8-орун үчүн: "Ысык-Көл" (Ысык-Көл) - "Кара-Балта" (Кара-Балта);