Бүгүн, 5-мартта Бишкекте маршруттук такси менен Вольво үлгүсүндөгү унаа кагылышып, 4 жаран жабыркады. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
"Бүгүн саат 16:20 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Турусбеков көчөлөрүнүн №214 маршруттук такси менен Вольво үлгүсүндөгү унаа кагылышты. Азыркы учурда 4 жаран жабыркаганы айтылууда. Окуя болгон жерде патрулдук милиция иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.