Чүйдө айланма жолдогу кырсыктан 2 адам жабыркады

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы айланма жолдо автокырсык катталып, айдоочулар жаракат алышты. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы окуя 5-мартта саат 22:30 чамасында орун алганын айтты.

"Айланма жолдо жүк ташыган Мерседес Бенц кичи автобусу менен Тойота Эстима жеңил унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1969-жылы туулган (Тойота Эстима унаасынын айдоочусу) жана 1995-жылы туулган (жүк ташуучу кичи автобустун айдоочусу) айдоочулар жаракат алышты. Унаалар айып аянтчасына токтотулду. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан