Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 5 киши эвакуацияланды

Бишкекте турак үйдүн бир бөлмөсүнөн өрт чыгып, 5 адам эвакуацияланды. ӨКМнын маалымат катчысы кырсык тууралуу билдирүү 5-мартта саат 14:52де нөөмөт бөлүмгө келип түшкөнүн айтат. Өрт саат 15:35те толук өчүрүлгөн.

"Свердлов районундагы турак үйлөрдүн биринин кире бериш бөлмөсүнөн өрт чыгып, 6 чарчы метр дубалы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 5 адам эвакуацияланган, анын ичинен экөөнүн кан басымы жогорулап "Тез жардам" кызматына кайрылышкан. Өрттүн себеби - электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан