Биз социалдык тармакта

Бишкекте кичинекей баласы бар жүргүнчүнү салондон түшүрүп салган маршрутканын айдоочусу жумуштан убактылуу четтетилди

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу кичинекей баласы бар жүргүнчүнү салондон түшүрүп салган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.

Андагы күбөлөрдүн айтымында, окуя бүгүн, 6-мартта эртең менен болгон. Анда айдоочу коляскасы менен маршруткага түшкөн келинди орун ээлеп жатат деп түшүрүп салган.

Кийин белгилүү болгондой окуя №185 маршруттук таксиде болгон. Видеодон топтошкон жүргүнчүлөрдү жана ыйлап жаткан баланы көрүүгө болот. Ошол маалда айдоочу колунда кичинекей баласы бар келинди маршруткадан түшүп калуусун айтканын угууга болот.

Бул окуя тууралуу мэриянын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгы №185 маршрутканын айдоочусун табышканын жана ал убактылуу жумуштан четтетилгенин билдиришти.

Бишкекте маршрутканын айдоочусу кичинекей баласы менен түшкөн жүргүнчү аялды түшүрүп салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bema_bema
2020-03-06 12:18:54
Тооба кылдым заман каяка баратат баланын журогун тушурдунорго.
+5
gitaris93
2020-03-06 13:19:52
Эмнеге убактылуу мүмкүн 2 саатка жумуштан четтеткендир А эмне биротоло эмес
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан