Коронавирустун алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндө намазга массалык түрдө топтолуу чектелерин 28-февралда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирген.
Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы жума намаз белгиленген убакытта окуларын жана адамдардын санына чектөө киргизилбегенин билдиришкен.
Буга байланыштуу бүгүн, 6-мартта SUPER.KG порталы Бишкектин Борбордук мечитине барып жума намазга келген адамдардын саны азайган жокпу, министрилик киргизген чектөө жарандарга канчалык деңгээлде таасирин берди деген суроо салдык.
Белгилүү болгондой, жума намаз саат 13:30дө башталат. Ал жакка барганда алгач эле автоунаалардын саны көзгө илинди. Автоунаалардын көптүгүнөн мечиттин ичиндеги жана сыртындагы унаа токтотуучу жайларда орун калбай, айрымдары аялдаманын маңдайына токтошконуна күбө болдук. Мындай көрүнүштөн улам, аялдамада транспорт күтүп тургандар "автоунаалар үч катар болуп токтошуптур, маршрутка токтотууда ыңгайсыздык жаратып жатат" дешти.
Жума намазга келгендерге суроо салган 9 жарандын ичинен бирөөнөн гана "өткөн аптага салыштырмалуу бүгүн адамдар азыраак келди, муну биз намаз окулчу жерде анча-мынча бош орундар болуп калганынан байкадым. Бирок бул коронавируска деле байланыштуу болбошу мүмкүн" деген жооп алдык. Калгандары жума намазга келгендердин санынын азайышын байкабаганын, мурдагыдай эле автоунаалар толуп, орун жок калганын белгилешти.