Бүгүн, 1-апрелге карата өлкө боюнча дагы 4 жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйында кабарлады.
Муну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 111 болуп калды.