Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 08:44 чамасында Ленин РИИБинин тергөө кызматына Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Окуя катталган жерге барган ыкчам тергөө тобу белгисиз жарандын денесинде күч колдонулган белгилер бар болгонун аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Каза болгон баланын аты-жөнү такталып, 1977-жылы туулган О.Н. аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал эми бул ишке шектүү катары 1986-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы кармалып, ал СИЗО-1ге эки айга камакка алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан