КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Кайнене менен келиндин мамилесин чагылдырган "Кайнене" комедиясы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Сапар Сайназаров режиссёрлук кылган "Кайнене" комедиясы жүктөлдү.

Тасмада кыргыз үй-бүлөсүндөгү кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле сүрөттөлөт. Келиндин кайын журтуна аралашып, жолдошунун үй-бүлөсүнө кабыл алынышындагы көрүнүштөрдү күлкү аралашкан жагдайда көрүүгө болот. Ошону менен бирге үй-бүлөнү пландоо маселелери да камтылган.

Бул тасма Сапар Сайназаровдун режиссёрлук кылган төртүнчү эмгеги. Тасманын режиссёру бир үй-бүлөдө болгон окуялар кызыктуу ирмем катары эсте калып, эч качан жаман тагдырлар болбосо деген ойду бергиси келген.

"Шаардык жана айылдык ата-энелердин ролун аткара турган актёр, актрисаларды табууда көпкө ойлондум. Гүлмира Турсунбаеваны айылдагы кайнененин образын жакшы ачып берерин мурдагы тасмаларда иштешкенде байкагам. Ал эми шаардык кайнененин образын Жамиля Сыдыкбаевага сунуштадык. Ал көпкө ойлонуп анан макул болду. Тасма тартуу учурунда жакшы маселени көтөрүп жатканыбызды айтып жактырды. Негизинен кино Бишкек шаарында тартылып, жалпы 5 айдай убакыт кетти. Эң негизгиси ар бир эне башка бүлөдөн эч ким тааныбаган үйгө келген уулунун жубайын да түшүнүп, сыйлап алса", - деди Сайназаров.

Тасмада Жамиля Сыдыкбаева, Гүлмира Турсунбаева, Максат Тасмаев, Болотбек Тилек, Айгерим Саматова, Динара Багышбаева жана Эркин Парпиев роль жаратышкан.

"Кайнене" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gitaris93
2020-03-07 00:19:58
Неге ачпай койду админ жооп күтөм
0
admin_portal
2020-03-09 15:18:41
gitaris93, скриншот жиберсеңиз.
0
.turgun
2020-03-07 20:16:47
Жок кинону бар деп жазбагылачы бар болсо неге ачпайт
0
admin_portal
2020-03-09 15:18:22
.turgun, дагы бир жолу кирип көрүңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан