Бүгүн, 6-март күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева 53 жашка чыкты. Ырчы айым туулган күнүн кесиптештери, күйөрмандары менен Бишкектеги тойканалардын биринде өткөрдү. Ырчынын өздүк майрамына 200 чакты конок келип, алардын басымдуу бөлүгүн күйөрмандары ээледи. Чай-концертти Алтынай Нарбаева өзү аткарган чыгармалар менен ачты. Туулган күндүн ээсине чоң мамалак сыяктуу өзгөчө белектер берилип, ырчы гүлгө оролуп калды.