Нарын шаарындагы базардан өрт чыкты

Бүгүн, 6-март күнү Нарын шаарындагы базардан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 6-март күнү Нарын облусунун Нарын шаарында өрт чыкты. Алдын ала берилген маалымат боюнча, шаардык базардын аймагында жайгашкан павильондон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүгө саат 18:28де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 бөлүм тартылган. Азырынча өрт өчүрүлүп бүтө элек", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан