Кечээ, 6-мартта социалдык тармактарда баласы жана коляска менен түшкөн жүргүнчү аялды түшүрүп салган маршрутканын айдоочусу талкууга түшкөн. Окуянын видеосун күбөлөр тартып алган жана алардын айтымында чыр колясканын айынан келип чыккан. Видео социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин мэриядан аталган айдоочу 185-маршруттук линиянын айдоочусу болгонун жана ал иликтөө жүргүчө убактылуу жумуштан четтетилгенин билдиришкен.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы чындыгын угуу үчүн 185-маршрутканын айдоочусуна байланышты. Бирок ал аты-жөнү сыр бойдон калуу шарты менен маек берүүгө макул болду.
Айдоочунун айтымында, коляскасы менен түштү деген жүргүнчү аял жалгыз болгон эмес жана чыр такыр башка себептен улам келип чыккан.
"Окуя тууралуу айта кетсем, ал 5-мартта "Дордой" базарындагы мечиттин жанындагы аялдамада орун алган. Болжол менен кечки саат 17:00дө маршруткага эки-үч жүргүнчү түшкөн. Менин түшүнүгүм боюнча алар келини, кайненеси, болжол менен 15 жаштагы баласы жана бир кичинекей баласы менен чогуу түшкөн. Кайненеси кичинекей баланы алып орундукка отурган, ал эми келин туруп турган. Бир маалда салондо жүргүнчүлөр арасында кайым айтышуу башталды. Көрсө коляскасы менен турган келин тыгындан улам, башка бир жүргүнчүнүн көйнөгүн булгап алыптыр.
Алгач ошентип бири-бири менен урушуп башташты. Алардын айынан жүрө албай 10 мүнөттөн ашык туруп калдык. Артта турган унаалар сигнал берип, салондогу кардарлар арасында дагы нааразычылык жаралды. Билесиздер "Дордойдун" ал көчөсү тар. Тыгын пайда болуп, жүрбөй токтоп калганда баарынын шаштысы кете баштады. Анан мен киришүүгө мажбур болдум. Болбосо социалдык тармактарда айтып жатышкандай мен "бир коляска орун ээлеп жатат" деп балалуу келинди кантип эле түшүрүп салайын? Менин деле балдарым бар. Аягында айлам кеткенде "эшикке чыгып урушкула" деп түшүрүш керек болду. Чыр токтобой койгондо, жерге түшүп чечишип алгыла, бизди кармабай деп айткам. Баягы келин кайненеси, балдары менен жана берки көйнөгүн булгаткан жүргүнчү дагы түшүп калды окшойт. Мен андан ары жолумду улантып кетип калгам.
Негизи чыр кишинин көптүгүнөн эле пайда болду деп ойлойм. Ал эми бул видеону бирөө арттан тартып туруп такыр башкача өңүттө берип салыптыр. Анан эле мен күнөөлүү болуп калдым. Бул окуя боюнча мэрияга барып түшүндүрмө жазып келдим. Учурда жумуштан четтетилдим. Мындай окуяга туш болгонума жаман болуп жатам. Негизи колдонуучулар бирөөнү айыптап сын-пикир жазардан мурда чын-төгүнүн билип алышса жакшы болмок. Бүгүнкү күндө күнөөсүз адамды деле туура эмес маалымат менен күнөөлүү кылып коюш оңой экенин өзүмдүн мисалымдан көрдүм", - дейт айдоочу.