Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында каракчылык кылып жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү саат 15:40 чамасында Асан-Чек айылынын көчөлөрүнүн бириндеги 1984-жылы туулган И.А.нын үйүнө жакын тууганы барган учурда бейтааныш 3 адам бетине бет кап кийип, үйүн тинтип жаткан учурга туш болгон. Аны көргөн шектүүлөр үйдөгү акча кайда деп коркутушуп жанындагы телефонун тартып алып, өзүн жип менен ваннанын трубасына байлап чыгып кетишкен.
Натыйжада И.Ага таандык болгон кутучадагы 12 миң 400 сом акчасын жана инисинин базар баасы 14 миң сомдук телефонун алып кетишкен. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 1995-жылы туулган А.уулу Р., Чүй облусунун Панфилов районунун 1993-жылы туулган тургуну А. уулу Ж. жана Ош облусунун Ноокат районунун тургуну А.уулу М. кармалган.
Шектүүлөрдүн жанынан кылмыш жасаганда пайдаланышкан кол кап, бет кап, телефондор, бычактар далил буюм катары алынган.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, бул кылмыштуу топ башка аймактарда да кылмыш жасагандыгы текшерилип жатат.