Бүгүн, 8-мартта Бишкектин Жеңиш аянтында "Аялдардын тилектештик маршы" өтүүдө.
Ага калпак кийген 20 чакты жаран келип, жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен ортодо пикир келишпестик жаралды. Аларды милиция кызматкерлери таратышты.
Ал эми калпакчандар кетип калышты. Учурда жөө жүрүштүн катышуучулары менен милиция кызматкерлери кайым айтышууда.
Маалыматка ылайык, бул маршта аялдардын укуктары, гендердик теңдик тууралуу маалыматтар берилмек.
Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатат.