Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтынан башталган "Аялдардын тилектештик маршы" өтмөк. Бирок башталбай жатып жөө жүрүштүн катышуучуларына 20дай калпакчан жаран басып келип, ортодо ызы-чуу чыкты. Милиция кызматкерлери ызы-чуудан улам катышуучуларды кармап, Свердлов РИИБине жеткиришти.
Аталган райондук ички иштер башкармалыгына жүрүштүн катышуучулары да келишкенин кабарчыбыз билдирди. Анда жүрүштү уюштургандардын жактоочусу Агзам Дүйшөналиев аны РИИБинин ичине киргизбей жатканын айтты. Ал кармалгандарды кайсы берене менен кармалганын дагы билбей жатканын кошумчалады.