Бишкектин Жеңиш паркында өткөн "Аялдардын тилектештик маршында" чагымчылдык кылууга аракет кылган 5 жарандын ким экендиги аныкталып, кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кармалгандарга карата протокол түзүлдү. Учурда чагымчылдыкка катыштыгы бар делинген мындан башка жарандарды аныктап, кармоо иштери улантылып жатат", - дейт мекеменин маалымат катчысы.
8-мартта өткөн "Аялдардын тилектештик маршына" калпак кийген 20 чакты жаран келип, жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен ортодо пикир келишпестик жаралган. Аларды милиция кызматкерлери таратышкан.