Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курамасы башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги астында Орусиянын Сочи шаарында окуу-машыгуу жыйынын өтүп жүрүшөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Агенттиктин билдиришинче, бул окуу-машыгуу жыйыны алдыдагы эл аралык жана лицензиялык турнирлерге даярдык катары болмокчу. Окуу-машыгуу жыйыны 6-марттан 18-мартка чейин Сочи шаарындагы "Весна" спорттук базасында болот. Жыйынга 12 балбан жана 2 машыктыруучу кетишкен.
Окуу-машыгуу жыйынына кеткен балбандар:
60 килограмм салмакка чейин: Калы Сулайманов, Жоламан Шаршенбеков;
67 килограмм салмакка чейин: Марлен Асикеев, Амантур Исмаилов, Халмурат Ибрагимов;
77 килограмм салмакка чейин: Акжол Махмудов, Кайрат Түгөлбаев, Ренат Ильяз уулу;
87 килограмм салмакка чейин: Атабек Азисбеков;
97 килограмм салмакка чейин: Үзүр Жусупбеков;
130 килограмм салмакка чейин: Роман Ким, Мурат Рамонов;
Башкы машыктыруучу: Азат Эркимбаев;
Улук машыктыруучу: Улукбек Карачолоков.