Кыргыз футбол союзу логотибин жасоо үчүн сынак жарыялайт

Кыргыз футбол союзу логотибин жасоо үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган союздан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган логотип КФСнын (Кыргыз футбол союзу) расмий эмблемасы катары кабыл алынып, расмий документтерде, КФСнын сайтында, социалдык тармактарда жана башка маалыматтык жана сувенирдик продукцияларда колдонулат.

Сынактын мөөнөтү: 2020-жылдын 15-апрелине чейин тапшырылышы керек.

Эң мыкты тизмеге кирген сынактын 5 катышуучусуна Улуттук курама команданын футболкасы жана 2020-жылкы курама команданын өз талаасында ойногон беттештерге абонент берилет.

Сынактын жеңүүчүсүнө: Миң доллар ыйгарылат.

Сынак тууралуу кошумча маалыматтар жана логотип боюнча талаптар кийинки шилтемеде: КФС логотибин жасап чыгуу боюнча жобо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан