Свердлов РИИБи: "Маршта кармалган катышуучулардын бешөөнө айып салынды"

8-мартта Бишкектин "Жеңиш" аянтында "Аялдардын тилектештик маршы" өтүп, ага калпак кийген 20 чакты жаран келип, жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен пикир келишпестик жаралган. Аларды милиция кызматкерлери кармап кетишкен болчу.

Бүгүн, 9-мартта Свердлов РИИБи маршта кармалган катышуучулардын кээ бирине айып салынганын билдирди.

"Марш башталардын алдында катышуучулар менен өзүнчө бир топтун ортосунда пикир келишпестик орун алган. Мындан улам милиция кызматкерлери тезинен чара көрүп, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо ишин баштаган. Кармалгандар 1997-жылы туулган К.А., 1984-жылы туулган А.М., 1998-жылы туулган А.Г., 1984-жылы туулган К.А., 1986-жылы туулган Т.Г., 1973-жылы туулган С.М., 1982-жылы туулган С.М. Ал эми коомдук эрежени бузгандыгы үчүн 5 жаранга карата протокол түзүлүп, айып салынды. Алар 1979-жылы туулган К.З., 1999-жылы туулган Ш.Э., 1998-жылы туулган М.А.,1993-жылы туулган К.Б. жана 1963-жылы туулган Д.К.", - деп жазылат маалыматта.

Бишкектеги феминисттердин жүрүшүндө чагымчыл деп 5 адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2020-03-09 15:17:26
Айып пул менен эле чектелбей андан катуураак жаза колдонсо болмок улуттун душмандарына.
+1
robot111
2020-03-09 15:21:44
Ата бабаларды сыйлабай ыйык жерди тебелегендерди жазага тартуу керек. Батыштын жоруктарын бизге тануулабасын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан