Кант шаарында футбол боюнча ардагерлер арасындагы эл аралык турнир старт алды

Кант шаарында ардагерлер арасында эл аралык "Байчечекей-2020" мелдеши старт алды. Бул тууралуу Футбол союзунан билдиришти.

Аталган сезон быйылкы жылы 9-ирет өткөрүлүүдө. Мелдешке 2019-жылдагы ардагерлер арасындагы өлкө чемпиондугунда алдыңкы 8 команда катышууда. Турнирдин регламентине ылайык, командалар 2 тайпага бөлүнүп, жарым финалга экиден мыкты командалар чыгат. Жарым финалдарда тең чыгуу катталса, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталат.

Мелдеш 4-апрелге чейин уланып, “Спорт Сити” стадионунда өтөт.

Байчечекей-2020 катышуучулары:

1. "Алга"

2. "Бакубат-Талас"

3. "Бешикташ"

4. "Каинда"

5. "Кара-Балта"

6. "Наше"

7. "Нитро"

8. "Нооруз"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан