Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат бар деп кабарлаган телефондук террорист кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-март күнү УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин консулдук бөлүмүнө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо УКМКдан атайын топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган. Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуучу зат жок болуп чыккан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп баштаган. УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларында 1974-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалган.
Такталгандай, М.Т. бейбаштык менен анонимдүү маалымат жиберген. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
УКМК жалган маалыматтарды тараткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.