Өмүрбек Текебаев: "Соттук кайрадан кароо 7 айдан бери уланууда, качан аяктары да белгисиз"

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланды. Ага журналисттер киргизилди, бирок сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынды.

Сот отуруму саат 14:00дө башталып саат 17:00дө аяктады. Ага чейин судья отурумга келе албай калган күбөлөрдүн көрсөтмөсүн окуду. Залга башка да сот отуруму белгиленгенин айтып, 3 сааттан кийин судья отурумду жылдырды. Кийинки соттук отурум 23-мартта өтө турган болду.

Отурумдан чарчаңкы чыккан Өмүрбек Текебаев суроолорго кыскача жооп берди.

"Модин менен Маевскийди сот отурумуна алып келүү үчүн аларга чакыруу жөнөтүлгөн. Бирок алар отурумга катышууга мурда эле келбей турганын айтышкан болчу, анткени менен мурдагы көрсөтмөлөрү бар да. Бирок "гениалдуу" прокурорлор соттук кароо кайра башталгандан алты ай өтүп, ушул сунушту айтып жатышат. Сот кийинки отурумду көрөлү, ал күбөлөр келбесе кандай кылабыз карап чыгабыз деп жатат. Билбейм алдыда кандай болот, соттук кайра кароонун өзү 7 айга созулуп бара жатат, качан аяктары да белгисиз", - деди ал.

Өмүрбек Текебаев: "Соттук кайрадан кароо 7 айдан бери уланууда, качан аяктары да белгисиз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kylychisa
2020-03-09 19:09:14
Шайлоодон кийин акталып чынат буйруса
+1
Wibee
2020-03-09 19:12:10
Шакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз дейт
-2
Jelezo
2020-03-09 22:20:57
Шайлоого жеткирбеш үчүн созуп жатышат бийлик атайын заказ менен соттун өтүшүн создуктуруп жатат.
+4
urmat94
2020-03-10 00:54:16
Шайлоо буткондо аяктайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан