Бишкек шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен деген шек менен 55 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 2-мартында болжол менен саат 11:30 чамасында белгисиз айдоочу Садырбаев көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Семетей көчөсүнүн кесилишинен 2008-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден кетип калган. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, №3 балдар ооруканасына кайрылган. Ыкчам издөө иш аракетинин натыйжасында 7-мартта Мазда үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1965-жылы туулган Э.Т. кармалып, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берененин (Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.