Орусиялык рэпер Жиган реабилитациялык борбордо дарыланууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жиган өзүнүн Инстаграмдагы баракчасындагы сторис функциясына "психушкада" жатканын жарыялап, аны жакшы карап, тамактандырып жатышканын айткан. "Мен психикалык жактан оорулуумун. Мени жакшы тамактандырып жатышат. Көрдүңөрбү, мен "психушкадамын", - деген ал. Кадрдан анын кашын, сакалын кырып салганын көрүүгө болот. Бул окуядан кийин анын жубайы Оксана Самойлова социалдык тармактагы баракчасына "Мен бул дүйнөдө ойгонгум келбейт" деген кыскача билдирүү калтырган.
Маалыматка ылайык, рэп ырчысы жакында гана Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, спирттик ичимдик ичип, сөгүнгөн сөздөрдү айткандыгы үчүн талкууга түшкөн. Учурда ал "Seaside Palm Beach" аттуу алкоголдук ичимдик жана баңгизатка көз карандылыктан дарыланчу көл жээгинде жайгашкан элиталык клиникада дарыланууда. Ал жакта бир айлык дарылануу курсу 80 миң доллар турары айтылат.
Эске салсак, февраль айынын башында Жиган 3 кыздан кийин уулдуу болуп, кубанычы коюнуна батпай жүргөн.