Бишкекте жасалма доллар сатканга аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте 15 миң доллар жасалма акчаны сатууга аракет кылган жаран кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, шектүү делинген жаран 6-мартта колго түшүрүлдү.

"УКМК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 15 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары 225-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - дешти мекемеден.

Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат деп кошумчалашты УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
interpol
2020-03-10 11:00:54
1955-ж туулган А М кармалыптыр. А.М ды тоолук айтса болбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан