Валентина Шевченко Конор Макгрегорду колдоду

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун социалдык тармактагы баракчасына жазылган билдирүүсүн колдоду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Конор Макгрегор өзүнүн баракчасына UFC 248 турнириндеги кыз-келиндер арасындагы негизги беттеш болгон кытайлык мушкер Чжан Вэйли менен польшалык Йоанна Енджейчиктин беттешинде польшалык мушкер жеңгенин жазган. Бул билдирүүгө Валентина Шевченко "кошулам" деп жазып калтырган.

Бул беттештен кийин UFC уюмунун президенти Дана Уайт "Чжан - Енджейчик" беттеши UFC тарыхындагы мыкты беттештердин бири болуп калаарын, бул беттеште эки мушкер айым бири-бирине 800дөн ашык сокку жасаганын айтты.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында болгон бул турнирде "Чжан - Енджейчик" беттеши 5 раундга созулуп, калыстар упайлардын саны боюнча (48-47) жеңишти кытайлык мушкер айымга ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2020-03-11 01:02:41
Чынында мен деле Хабиб мен Макгрегордун урушунун алдында Макгрегорду колдогом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан