Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт тармагында начар иш алып баргандыгы үчүн Баткен облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыктын башчысы Алибай Алишеров кызмат ордунан бошотулду. Мындай чечимди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кабыл алган. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-марттан 6-мартка чейин Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов иш сапар менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында болуп келди.
Иш сапардын алкагында Канат Аманкулов чогулуш өткөрдү. Анда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыктарынын башчылары, Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин директорлору 2019-жылы жасалган иштер жана 2020-жылга карата коюлган пландар тууралуу айтып беришти.
Отчёттордун жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусу гана толук кандуу иш алып барып жатканын, Ош жана Баткен облустарында жетишерлик жумуш жүрбөй жатат деп белгилеген Канат Аманкулов.
Буга байланыштуу жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт тармагында начар иш алып баргандыгы үчүн Баткен облустук башкармалыктын башчысы Алибай Алишеров кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле Канат Аманкулов мүчүлүштүү иш алып баргандыгы үчүн Ош облустук башкармалыктын жетекчиси Астанбек Жолдошевго сөгүш жарыялап, 2020-жылдын 1-майына чейин башкармалыктын ишиндеги кемчиликтерди жоюуга тапшырма берди.