Атасы бычактаган 9 жашар баланын окуясы. Баланын абалы оор бойдон калууда

Бишкекте атасы үй-бүлөлүк чырдан улам жубайы менен уулуна бычак сайган окуя боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баланын абалын көрүү үчүн ооруканага барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ооруканага барып, үй-бүлө зомбулугуна кабылган 9 жашар баланы көрдү. Дарыгерлердин берген маалыматына ылайык, баланын абалы оор, бирок эсине келген. Өмүрбекова анын эртерээк сакайып кетишин каалап, ыкчам чара көргөнү үчүн медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле аларга балага керектүү медициналык жардамды көрсөтүп, зарыл дарылар менен камсыздап, психологиялык жардам көрсөтүүнү тапшырды. Тиешелүү мамлекеттик органдар керектүү жардамды көрсөтөрүн айтты. Медицина кызматкерлери балага жардам көрсөтүп жаткан бардык жарандарга ыраазычылыгын билдиришти. Дарыгерлердин айтымында, балага акчалай каражат чогултуу зарыл эмес. Ага керектүү жардамдын баары көрсөтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 6-мартта 5-кичи районунда үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялына жана баласына бычак сайып, андан соң өзү асынып алганы тууралуу жазылган. Аял окуя болгон жерден каза таап, баласы оор абалда №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aruujanshaxi
2020-03-10 23:46:58
Жаша козу жаша...Келечекте бешенеңе жакшы жар туш кылсын, бактылуу жашагын!
+6
sirenaaaaa
2020-03-11 08:38:56
Ушуну окуган сайын журогум ооруп жатат. Эмне деген алсыз эркектер тарбияланып жатат. Бираз кыйынчылыкка чыдабай аялын сабады, урду, тепти деп эле угабыз. Мамлекет бир чара корбойбу эртерек
+3
Sajakat14
2020-03-11 09:01:04
Аялдар зомбулукка каршы маршка чыкса эркектер тыйраңдайсыңар түшүнбөй! Аялдар менен алга, күчкө толо элек жаш балдарды кордогон, өзүнө ишенбеген зөөкүр, мээсине эмес, колунун,бутунун күчүнө эле ишенген эркек сөөрөйлөргө каршы чыгып жатышат маршка чыккандар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан