Биз социалдык тармакта

"Кырк кыз качан эркин болобуз?", "Өкмөткө кырк шапалак"... Бишкекте өткөн феминисттердин акциясынан фоторепортаж

Бүгүн, 10-март күнү Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында феминисттердин жүрүшү орун алды. Жүрүштүн катышуучулары аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирлерин билдирген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

"Аялдардын тилектештиги" акциясы гимнди ырдоо менен башталды. Анда үч модератор сөз сүйлөп, калгандары ураан менен плакаттарын көтөрүп колдоп жатышты.

Бул жүрүшкө каршылыгын билдиргиси келген жарандык активисттер дагы келишти. Катышуучулар менен жарандык активисттердин ортосунда кайым-айтышуулар орун алды. Акциянын соңунда жүрүшкө каршы чыккандардын бири феминистмин деген кыз менен уруша кетишти.

Буга чейин алар 8-мартта "Жеңиш" аянтына маршка чыгышкан болчу. Бирок жүрүш башталар алдында калпак кийип, бет кап тагынган 20 чакты эркек киши келип, плакаттарын тартып алып, өздөрүн таратуу аракетин көрүшкөн. Милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармап кеткен болчу. Коомчулуктун бир бөлүгү алар чектен ашып баратышкан десе, бир бөлүгү биз бардык адамдардын үнүн угууну билишибиз керек деген ача пикирлер жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Omar.
2020-03-10 15:58:35
Не толк чыкты анан? Максатыңарга жеттиңерби?
+2
Mamiev
2020-03-10 16:05:33
Булар өзү эмнени каалап жатат. Ансыз да эркин жүрүшөт го дагы эмнени каалап жатат. Тиргилигин жасап жүрө беришпейби Европаны туурабай. Бүт эле шаардыктар чачын кыркып боеп алгандар
+7
aerforce
2020-03-10 18:53:15
Кырк кызга кырк камчыдан бериш керек дуйнону эпидемия каптап жатат курсагын ток кайгын жок болгндон тен укук сурап которулуп жатасынар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан