Бүгүн, 10-мартта саат 17:00гө карата Бишкек шаарында доллардын баасы кескин кымбаттады. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлдү.
Түшкө чейинки убакытта эле акча алмаштыруучу жайларда да, банктарда да 1 доллар 69 сом 80 тыйын, 69 сом 90 тыйындын тегерегинде болчу. Кечке жуук доллардын курсу 3 сомго көтөрүлүп, банктарда сатып алуу 72 сом 85 тыйын, сатуу баасы 73 сомго чыкты. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда сатып алуу 72 сом 50 тыйын, сатуу 73 сом 50 тыйын болуп калды.
Эртең менен Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук банкы валюталык рынокто орун алып жаткан жагдай тууралуу билдирүү таратып, абал туруктуу деп жаткан эле.
Доллардын сомго карата курсунун эң жогорку чеги 2015-жылдын 25-ноябрында 78-80 сомго чейин жеткен. Бирок бул баа бир күнгө эле кармалып, эртеси Улуттук банк интервенция жүргүзүү аркылуу доллардын баасы ылдыйлаган эле.
Кечээ, 9-мартта мунайга болгон дүйнөлүк баанын кескин арзандап кеткенине байланыштуу эл аралык валюталык рынокто рубль доллар жана еврого карата кунун жоготкон. Өткөн аптанын жума күнү, 6-мартта эле доллар 68 рубль, евро 80 рубль болчу. Кечээ 1 доллардын баасы 75 рублдан, 1 евро 85 доллардан ары ашып өткөн.