Кыргыз Премьер-Лигасынын төрт командасы Өзбекстан Лигасынын Кубогуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Премьер-Лигасынын басма сөз кызматкери Нурсултан Нурболот уулу билдирди.
"Турнир 1/32 финалдан башталат. Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Дордой", "Абдыш-Ата", "Алай" жана "Каганат" командалары катышат. Турнирге Кыргыз өлкөсүнөн башка Өзбекстан, Тажикстан командалары да катышат. Азырынча канча команда ойноору белгисиз. Өзбекстандын футбол боюнча чемпиону бул турнирдин 1/8 финалынан баштап катышып баштайт", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Турнир өтчү күндөр: 7-8-апрель - 1/32 финал;
22-23-апрель - 1/16 финал;
29-30-31-май - 1/8 финал;
5-август - 1/4 финал;
12-август - 1/2 финал;
26-август - финал.