Бүгүн, 10-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарында Сыдык Айтматов атындагы орто мектепке барып, мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн жана эртең Баткен облусунда иш сапарда болот. Ал барган мектептин окуу класстарын, спорт залды көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен пикир алышты. Мектеп мугалимдери айлык маянанын жогорулаганы сезилерлик болгонун айтып ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле санариптештирүү боюнча долбоорлор окуу процессин иш жүзүндө кантип жакшыртып жатканы жөнүндө айтып беришти. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1978-жылы колдонууга берилген бул мектептин абалы тууралуу маалымат берди. Балдар жаңы мектеп имаратына муктаж болуп жатканын билдирди. «Биз дүйнөлүк аренада бир гана билимдүү жаштар менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Андыктан, билим берүүнүн сапатын жогорулатып, жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз», - деп баса белгиледи Жээнбеков.
Өкмөткө мектепке жаңы имарат куруу боюнча сунуштама берилери белгиленди.