SUPER.KG порталы бүгүн, 10-мартта саат 17:00дөн кийин доллар кескин түрдө кымбаттап кеткендигине байланыштуу Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын кызматкерлеринен сурамжылоо жүргүзүп келди.
Акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын мүчөсү Чыңгыз Билибаев шаар тургундары ыйлап-сыктап доллар сатып алып жаткандыгын айтып буларга токтолду: "Доллардын курсу өзүнүздөр билгендей эле эки жылдан бери 69 сом 95 тыйындын тегерегинде кармалып келе жаткан. Буга чейин Улуттук банк биздин сомубуздун курсун кармап туруу үчүн долларды 69 сом 85 тыйындан сатып турчу. Бүгүндөн баштап долларга талап көп болгондуктан жана башка экономикалык факторлордун таасиринин негизинде доллар дүйнө жүзүндө көтөрүлүп кетти. Биз алыс кетпей эле Казакстан менен Орусияны алсак, аларда доллар жогорулап кеткендигине байланыштуу бүгүн кечки саат болжол менен 16:00дө Улуттук банк тарабынан интервенция жүргүзүлүп, андан ары доллар биз күткөндөгүдөй 69 сом 85 тыйын эмес, 72 сом 90 тыйындан сатылды. Ошого байланыштуу азыркы учурда сатып алуу 72 сом 50 тыйын, 72 сом 80 тыйын болуп, сатуу 73 сомго чыкты".
Ал эми акча алмаштыруучу жайда иштеген Нурбек Базарбаев доллар сатпай жаткандыгын айтып, буларга токтолду: "Биз азыркы тапта бирөөгө доллар карыз болчубуз, ошон үчүн азыр долларды сомго алмаштырбай жатабыз. Доллар мындан кийин көтөрүлөрү же түшөрүн билбейбиз. Билсек жакшы болмок. Бизге азыр доллар сатып алабыз дегендер көп келип жатышат".
Буга чейин доллар кескин түрдө кымбаттаганы кабарланган. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлдү.