Премьер-министр доллардын кескин кымбаттап кетиши боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 10-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөлүк рыноктордо түзүлгөн кырдаал жана анын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

Кеңешменин жүрүшүндө валюта рыногундагы жана банк секторундагы жагдай, ошондой эле мунайзат баасынын төмөндөшүнө жана өлкөнүн валюта рыногундагы баалардын өйдө-ылдый болуусуна байланыштуу улуттук валютанын курсунун туруктуулугун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.

Тышкы коркунучтардын негизги тобокелдиктеринин кыргыздын экономикасына тийгизген таасирине жана соода балансынын деңгээлин турукташтыруу чараларына өзгөчө көңүл бурулду.

Валюта рыногунун туруктуу жана теңдеш ишин камсыздоо үчүн Улуттук банктын инструменттерин натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү баалардын тышкы өйдө-ылдый болушуна карата коммерциялык банктардын жана валюта алмаштыруу жайларынын реакциясы байкалууда. Финансылык жөнгө салуу улуттук валютанын баасынын өйдө-ылдый болушун түздөө үчүн жетиштүү резервдерге ээ.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө, ошондой эле өлкөнүн финансылык-насыялык мекемелеринин ишинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуу жана жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Экономика министрлигине жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине ортомчулардын бааларды негизсиз жогорулатуусуна жол бербөө максатында керектүү товарлардын жана азык-түлүктүн наркына дайыма мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Буга чейин доллар кескин түрдө кымбаттаганы кабарланган. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлдү.

Өлкөдө доллар дээрлик 4 сомго кымбаттады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан