Норвегиянын коргоо министри Франк Бакке-Йенсен коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген күмөн менен карантинге алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Коргоо министри коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген күмөн болгонуна байланыштуу жакын арада пландалган жолугушуу, жыйындарды жокко чыгарып жатат", - деп жазылат маалыматта. Азырынча министрдин коронавирус жуктурганы толук аныктала элек. Эгер вирус жукканы аныкталса, коронавирустун андан ары жайылып кетпөөсүнө министрлик болгон аракетин жумшамакчы.