Бишкек шаарында өзгөчө абал режими киргизилгенден тартып чачтарачтар, коомдук тамактануучу жайлар, базарлар, соода борборлор, тойканалар жабылып, автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынган. Мунун баары шаардын экономикалык абалына чоң таасир бергенин бүгүн, 7-майда шаардын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев айтты.
"Оперативдүү эсептик маалыматтар боюнча, Бишкек шаарынын регионалдык дүң продуктусунун көлөмү ушул жылдын январь-февраль-март айлар арасында 101,8 пайыз реалдуу өсүү темпи менен 45 миллиард сомду түзгөн. Өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу бул көрсөткүчтөр төмөндөй турганы болжолдонууда.
Жыл жыйынтыгында болжол менен баалоодо ички регионалдык продуктунун күтүлүп жаткан көлөмү 230 миллиард 750 миллион сомду түзөт. Экономиканын 2 тармагында - кызмат көрсөтүү жана өнөр жайдагы төмөндөө ички дүң продукцияга терс таасирин тийгизет.
Жалпысынан алганда 2020-жылдын январь, февраль, март, апрель - төрт айда пландалган 3 миллиард 383 миллион сомдун ордуна 2 миллиард 376 миллион сом түшкөн. Муну менен план 72,4 пайызга аткарылды же 907 миллион сом түшпөй калды", - деди ал.
Анын айтымында, негизинен салыктык кирешелердин түшпөй калышы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү боюнча, ошондой эле экономикалык иш-аракетти ыктыярдуу милдеттүү патенттин негизинде жүзөгө ашырган жеке ишкерлер боюнча жүрүп жатат. Бишкек шаарынын 2020-жылга карата бекитилген бюджети - 10 миллиард 232 миллион сомду түзөт.