Бүгүн, 11-март күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюндары болуп өттү.
Германиянын "Лейпциг" командасы өз үйүндө англиялык "Тоттенхэм" клубун кабыл алды. Беттеш 3:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эки беттештин жыйынтыгы 4:0 болуп, "Лейпциг" командасы турнирдин 1/4 финалына жолдомо алса, былтыркы сезондо Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен "Тоттенхэм" командасы бул турнирдеги жүрүшүн токтотту.
"Лейпциг" - "Тоттенхэм" 3:0;
Голдор: Марсель Забитцер (10, 21-мүнөттө), Эмиль Форсберг (87-мүнөттө).
Испаниянын "Валенсия" клубу өз үйүндө италиялык "Аталанта" клубун кабыл алды. Бул беттеш голдорго бай болуп, 3:4 эсебинде италиялык клубдун жеңиши менен аяктады. Эки беттештин жыйынтыгында жалпы эсеп 4:8 болуп, "Аталанта" клубу мелдештин 1/4 финалына жолдомо алды.
"Валенсия" - "Аталанта" 3:4;
Голдор: Йосип Иличич (3-мүнөттө), Кевин Гамейро (21-мүнөттө), Йосип Иличич (43-мүнөттө), Кевин Гамейро (51-мүнөттө), Ферран Торрес (67-мүнөттө), Йосип Иличич (71, 82-мүнөттө).