Кечээ, 10-мартта саат 17:00гө карата Бишкек шаарында доллардын баасы кескин кымбаттап кеткен. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлгөн. Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53 миллион 700 миң АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарып, абал туруктуу деп билдирген.
Бүгүн, 11-мартта саат 10:00гө карата доллардын сомго курсу дээрлик өзгөрүүсүз бойдон турат.
Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген. Доллардын сомго карата курсунун эң жогорку чеги 2015-жылдын 25-ноябрында 78-80 сомго чейин жеткен. Бирок бул баа бир күнгө эле кармалып, эртеси Улуттук банк интервенция жүргүзүү аркылуу доллардын баасы ылдыйлаган эле.