Бүгүн, 11-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эл аралык валюта базарындагы кырдаалдын сомго тийгизген таасири тууралуу массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө маалымат берүүдө.
Айтымында, маалымат берүүнүн негизги максаты валюта рыногундагы абалды элге билдирүү.
"Тышкы чөйрөдө жагдай татаал бойдон калууда. Соода боюнча негизги өнөктөш өлкөнүн каржылык рыногунан улам өзгөрүлүп турган жагдай байкалып турат. Эл дүрбөлөңгө түшүп, долларга болгон суроо-талап жогорулап кетти. Улуттук банк интервенция жасап, суроо-талапты карап чыктык. Бизде доллар боюнча эч кандай көйгөй жок. Банктан эч кандай чектөө жок. Кечээ бир нече жерлерде акыбал кызыктуу болду. Биз канча доллар керек болсо, ошончо долларга сатууга даярбыз", - деп билдирди ал.