Бишкекте сабалган абалда ооруканага түшкөн киши каза болду. Милиция күбөлөрдү издейт

Бишкекте 56 жаштагы жаран оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып, эсине келбей каза болду. Маркумду ооруканага алып келгендер изделип жатканын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-мартта түнкү саат 01:20 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 30-35 жаш чамасындагы кебетеси азиялык болгон эки киши жаракат алган адамды алып келгени, жабырлануучунун кабыргалары сынганы кабарланган.

"Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна ыкчам топ барып, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

Маркумду ооруканага алып келген белгисиз жарандарды табууга жана ким экенин аныктоого жардам берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(552)102-542, 0(999)102-004, 0(555)102-695 же 102.

Жабырлануучуну ооруканага алып келген күбөлөр изделет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан