Бүгүн, 11-мартта футбол боюнча Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы жооптук беттештери өтөт. Оюндар 12-мартка караган түнү Бишкек убактысы боюнча 02:00дө башталат.
Оюндардын тизмеси: "ПСЖ" (Франция) - "Боруссия Дортмунд" (Германия), "Парк де Пренс" стадиону (Париж шаары, Франция). Башкы калыс: Энтони Тэйлор (Англия).
Бул эки команданын биринчи беттеши Дортмунд шаарындагы "Сигнал Идуна Парк" стадионунда болуп, 1:2 эсебинде германиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.
"Ливерпуль" (Англия) - "Атлетико Мадрид" (Испания), "Энфилд" стадиону (Ливерпуль шаары, Англия). Башкы калыс: Маккели Данни (Нидерланды).
Бул эки команданын биринчи беттеши Мадрид шаарындагы "Ванда Метрополитано" стадионунда болуп, 0:1 эсебинде испаниялык клубдун жеңиши менен аяктаган.