Гүлжигит Алыкулов командасына пенальти алып келди

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу, жаш жана таланттуу футболчу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" командасына пенальти алып келди.

Бүгүн, 11-мартта Казакстан чемпиондугунда алматылык "Кайрат" клубу өз үйүндө "Окжетпес" командасын кабыл алды. Гүлжигит Алыкулов бул оюндун 55-мүнөтүндө алмашууга чыгып, көп өтпөй эле командасына пенальти иштеп берди. Пенальтини чабуулчу Артур Шушеначев аткарып, гол жаратты. Беттеш 5:0 эсебинде "Кайрат" клубунун жеңиши менен аяктады.

Белгилүү болгондой Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна ушул жылдын январь айында өткөн.

Гүлжигит Алыкулов. "Кайрат" - "Окжетпес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz40
2020-03-11 22:02:02
Тузук
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан