Ырчылар Аваз Акимов жана Айдана Дека 3 жакшылыкты бириктирип той беришти

Бүгүн, 11-март күнү ырчы Аваз Акимов 3 жакшылыгын бириктирип, Бишкектеги тойканалардын биринде той берди. Ырчы мырза SUPER.KG порталына бүгүнкү жоопкерчиликтүү күнгө көптөн бери даярданып жүргөнүн айтты.

"Бүгүн 3 жакшылыгыбызды бириктирип элге той берип жатабыз. Үй той, кызыбыз Ариананын жентек тою жана менин 30 жаш юбилейим. Айдана экөөбүз бул күндү көптөн бери күтүп, даярданып келгенбиз. Баарын бир өткөрөм деп туулган күнүмдү да белгилеген эмесмин", - дейт Аваз.

Аваз менен Айдананын үй-бүлө катары түптөлгөндөгү биринчи жакшылыгына көп коноктор чакырылган. Коноктордун басымдуу бөлүгүн, ырчылардын кесиптештери ээлешти. Ырчылар Алтынай Нарбаева, Кенже Дүйшеева, Сема, Анжелика, Алмаз Шаадаев, Данияр Эрматов жубайы Айсалкын менен, Нурмат Садыров, Илгиз Абдалиев жана башкалар бүгүнкү тойго күбө болушууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Margo82
2020-03-11 23:21:26
Жентек эмес,жээнтек деп жазылат.
-7
Isikkolumkeremet
2020-03-12 01:21:53
Margo82,жентек эле.адабий тилде.балким диалектининиз болоктур
+5
aydinnur
2020-03-12 07:50:40
Margo82,биротоло жийентек деп жазбайлыбы
-2
Muslim.azamatovich
2020-03-12 12:23:21
Margo82,жаман окшоштурганго
0
Hurem
2020-03-11 23:31:40
Нурлан Насип корунбойт го, экоо жакшы достордон эле
+4
Nuraika-R
2020-03-11 23:48:21
Ариана ыймандуу кыздардан болсун.
+6
Kyrgyz_bloger
2020-03-12 01:02:25
Болду мен дагы эмки жылы 30 жылдык юбилейимди откором.
+1
aydinnur
2020-03-12 02:37:04
Кызынын жентек тою кут болсун!Бирок отуз жашта да юбилей откорулоорун биринчи угуп жатам)))
+5
Tolik777
2020-03-12 08:51:42
Аваз молодец
0
kechirmeni
2020-03-12 10:00:50
азыр дуйно жузундо вируска байланыштуу кырдаал курч болуп аткан убакта тынч эле журолучу, кийинчерээк откоро бересинер ага чейин да поводдор кобойуп 3 эмес 5-6ны бириктирип откоро бересинер
+4
Arstan18.18
2020-03-12 13:14:35
Кана тойдун токтогону? Бизде ушу жасанып тузонуп башкалардан озгочолонуп той тосуп откоруп озун корсотсо,мактасанса эле болду!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан