Бүгүн, 12-март күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюндары болуп өттү.
Франциянын "ПСЖ" командасы өз үйүндө германиялык "Боруссия Дортмунд" командасын кабыл алды. Бул беттеш күйөрмандарсыз өтүп, 2:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 3:2 болуп, "ПСЖ" командасы мелдештин чейрек финалына жолдомо алса, "Боруссия Дортмунд" командасы бул турнирдеги жүрүшүн токтотту.
"ПСЖ" - "Боруссия Дортмунд" 2:0;
Голдор: Неймар (28-мүнөттө), Хуан Бернат (45-мүнөттө).
Учурдагы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү "Ливерпуль" командасы өз үйүндө испаниялык "Атлетико Мадрид" командасын кабыл алды. Бул оюн укмуштуудай өтүп, 2:3 эсебинде испаниялык клубдун жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 2:4 болуп "Атлетико Мадрид" чейрек финалга жолдомо алса, "Ливерпуль" командасы турнирдеги жүрүшүн токтотту.
"Ливерпуль" - "Атлетико Мадрид" 2:3;
Голдор: Жоржиньо Вейналдум (43-мүнөттө), Роберто Фирмино (94-мүнөттө), Маркос Льоренте (97, 105-мүнөттө), Альваро Мората (120-мүнөттө).