12-мартка карата Улуттук банк жана коммерциялык банктардагы доллардын курсунун абалы


Бүгүн, 12-мартка карата Улуттук банкта доллардын курсу 72 сом 90 тыйынды түздү. Кечээ, 11-мартта доллар 69 сом 85 тыйын деп бааланган. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда доллардын баасы 10-мартта эле көтөрүлгөн болчу.

Доллардын курсу боюнча өлкөнүн башка коммерциялык банктарындагы бүгүнкү абал төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.

10-мартта саат 17:00гө карата Бишкек шаарында доллардын баасы кескин кымбаттап кеткен. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлгөн. Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53 миллион 700 миң АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарып, абал туруктуу деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargiz-sa
2020-03-12 13:51:49
Сатуу бары бир ошол боюнча калыптыр. Банктар учун гана пайдасы, жонокой жарандар кайра эле кымбат сатып алышат экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан