Алып баруучу Канышай Рысбекова жолдошу менен ажырашканын ачыктады


Алып баруучу, журналист Канышай Рысбекова жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн ачыктады. Айтымында, ал кош бойлуулуктун экинчи айында жолдошу менен ажырашкан. Жеке жашоосундагы окуяны коомго айтууга окурмандардан келген көптөгөн суроолор себеп болду дейт аны менен байланышканыбызда.

"Ажырашуу темасын жолдошум көтөрүп "балаңды төрөсөң төрө, төрөбөсөң кой" деген тандоо койгон. Мен баламды сактап калууну тандадым. "Жардам береби? Баласын жакшы көрөбү?" дегендерге жооп, анча-мынча акчалай жардам берет, кээде жок, баласына 1-2 айда 5-10 мүнөт көргөнгө убакыт табат. Ага таарынычым жок, болгону бакыт каалайм!" - деди.

Алып баруучу баласынын бактылуу келечеги үчүн баарын жасаганга даяр экенин кошумчалап, "буюрса, бизде баары жакшы болот" деп кошумчалады.

Канышай Рысбекова 2017-жылдын 30-ноябрында Нурлан аттуу мырзага турмушка чыгып, 1-декабрь күнү мыйзамдуу түрдө никеге турушкан. Ал эми 12-декабрда борбордогу тойканалардын биринен заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Erik2018
2020-03-12 12:29:42
Азыркы жаштардын турмуш курганынан ажырашкандары бат.
+10
Wibee
2020-03-12 13:18:14
Акыркы замандарда катындар эрлерине баш бербей калды ошонун натыйжасында ажырашуу көп болуп жатат
+19
Kyrgyz_bloger
2020-03-12 14:18:30
Wibee,туура Калыгул олуя м.н Туяк акындын акыр заман деген ырындагы аялдар куйоолоруно баш ийбей калышы жонундогу саптар бут эле болуп жатат,пайгамбарыбыз деле тозокто копчулугу аялдар болот дегенинин дагы себеби ошол го дейм.
+11
katerina.li
2020-03-12 14:41:03
Kyrgyz_bloger,ооба эркектер баары бейишке чыгышат. Жон эле периштесинер
+3
Kyrgyz_bloger
2020-03-12 15:08:44
katerina.li,мен ошентип жаздымбы мен болгону фактыларды жаздым,олуялардын ырларындагы созду жана хадисти.
+9
Gsuita
2020-03-13 01:38:43
Wibee, Эгерде ичип келип урса деле, сөксө деле, ойноштук кылса деле чыдап жашаш керекпи?
+3
gulzat85
2020-03-12 14:01:17
Ким бул ?ушундай да алып баруучу бар беле.
+7
Stervamyn
2020-03-12 19:02:31
Таанывайм
+3
Jaka78
2020-03-12 20:06:10
Өкүнүчтүү
+2
KAYRATBEK
2020-03-12 23:13:31
Ажырашуу бул ото жаман нерсе. Эрге катын катынга эр табылат а бирок балага эч качан оз ата-энесиндей ата-эне табылбайт. Ажырашаардан мурун суттон таза периштедей болгон БАЛДАРДЫ ОЙЛОП КОЙГУЛАЧЫ СУРАНЫЧ.
+1
allia
2020-03-12 23:39:40
Ушул кыз мага аябай жагат эле...

+1
Center
2020-03-13 02:37:28
Артистин жашоосу Ит жашоо дегени туура, жашоосунда туруктуулуу жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан