Ош облусуна караштуу райондук соттордун биринин сот аткаруучусу пара менен кармалды

Ош облусуна караштуу райондук соттордун биринин сот аткаруучусу пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин криминалдык милиция кызматына 30 жаштагы А.Б. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Арызда Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 миң сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан